• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Шаардык муниципалитетте кадрдык өзгөрүүлөр болду

Кадр саясаты 0

Бишкек, 29.07.21. /Кабар/. Бишкек шаардык муниципалитетинде кадрдык өзгөрүүлөр болду.

Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, Октябрь районунун акими Данияр Арпачиев өз каалоосу менен ээлеген кызматынан бошотулду. Анын ордуна жаңы башчы болуп Мирлан Эшкожоев дайындалды.

Бүгүн, Бишкек шаарынын вице-мэри Руслан Акылбеков райондук администрациянын жамаатына жаңы акимди тааныштырды.

Мирлан Эшкожоев буга чейин Ысык-Ата районунун статистика бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенип келген.

Тиешелүү буйруктарга Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов кол койду.

Пикир

Оставить комментарий