• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкек шаардык мэриясынын аппаратынын 3 кызматкери коронавирус жуктуруп алды

Коом 0

Бишкек, 19.06.20. /Кабар/. Бишкек шаардык мэриясынын борбордук аппаратынын 3 кызматкери COVID-19 инфекциясын жуктуруп алды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Мэриядан билдиришкендей, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус инфекциясынын чыккандыгы тууралуу алгачкы билдирүүлөрдү жасагандан тарта алар вирустун жайылышынын алдын алуу ишин баштаган.

"Мэриянын кызматкерлери медик, эпидемиологдор менен биргеликте иш алып барып, чет жактан келген жарандарды тосуп алып, обсервацияларга жайгаштырууда, аз камсыз болгон жарандарга жардам көрсөтүүдө. Мэриянын кызматкерлери Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун алгоритмине ылайык ПЧР-тест тапшырып турушат. Тилекке каршы 3 кызматкерден коронавирус табылды", - деп, мэрия учурда эпидемиологиялык иликтөө жүрүп жатканын билдирет.

Илдет жуктурган кызматкерлер изоляцияга алынып, дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда. Аппараттын башка кызматкерлери кайра анализ тапшырып, убактылуу үйдөн иштөөгө өткөн.

“Учурдагы жагдай муниципалитеттин ишине таасиринин тийгизбейт, тиешелүү кызматтар ишин жүргүзүүдө”, - деп билдирет шаардык мэрия.

Пикир

Оставить комментарий