• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкек шаардык милиция кызматкерлери Дубайдагы кесиптештеринин иши менен таанышты

Коом 0

Бишкек, 18.02.20. /Кабар/. 9-13-февраль күндөрү Бишкек шаардык милициясынын кызматкерлери Дубай полициясынын IT технологиялардын жардамы менен коомдук жана жол кыймылын коопсуздугун камсыздоо жана киберкылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча иштери менен таанышып чыкты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Бул таанышуу сапары КР ИИМ менен Дубай эмиратынын полициясынын кызматташуусунун алкагында, Кыргызстандын Дубай шаарындагы Башкы консулдугунун колдоосу менен болуп өткөн.

Министрликтен белгилешкендей, укук коргоо органдарынын кызматташуусу 2019-жылы түзүлгөн Акылдуу полиция бөлүмчө ("Smart Police Station") долбоорун Бишкек шаарында ишке ашыруу боюнча макулдашуунун негизинде жүрүп жатат. Бул долбоорду 2020-жылы ишке киргизүү пландаштырылууда.

Бул сапардын алкагында Кыргызстандын өкүлдөрү Дубай полициясынын башчысы Абдулла Халифа Аль-Марри менен жолугушкан. Жолугушууда Дубай полициясынын башчысы Бишкек шаарынын ИИББ менен Дубай полициясынын Штаб-квартирасынын кызматташуусу артып жатканын белгилеген.

Маалымат катары: "Акылдуу полиция бөлүмчөсү" биринчи жолу Дубай шаарында иштелип чыгып, 2017-жылы ишке ашырылган. Бул долбоор заманбап IT-технологиялар аркылуу калкты колдоого багытталган санариптик кызматтарды сунуштайт. Долбоор боюнча IT полиция бөлүмчөсүнүн курулушунан сырткары, жарандардын милиция бөлүмүнө барбастан мамлекеттик кызматтарды (тартип бузуу, кылмыштар боюнча маалымат берүү, ар түрдүү маалымкаттарды алуу, айыппул төлөө ж.б.) алуусу үчүн мобилдик тиркемени иштеп чыгуу каралган.

Пикир

Оставить комментарий