• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкек милициясы 28 жаштагы Эламан Жунусовдун туугандарын табууга жардам берүүнү суранат

Коом 0

Бишкек, 10.11.20. /Кабар/. Бишкек шаардык милициясы 28 жаштагы Эламан Жунусов аттуу жарандын туугандарын табууга жардам берүүнү суранат.

Учурда ал Бишкектеги Республикалык психикалык ден соолук борборунда болууда. Аны аталган борборго тез жардамдын кызматкерлери алып келген.

“Эламан Жунусовдун айтымында, ал Жалал-Абад облусунан болот, бирок азыркы тапта “Старый толчок” базары тарапта жашайт. Бирок ал өзүнүн жашаган жерин көрсөтө алган жок. Учурда ал өзү жана туугандары тууралуу так маалыматты айта албай жатат”, - деп билдирет шаардык милиция.

Бишкек шаардык милициясы Эламан Жунусовду таанып-билген же жакын туугандарын билген жарандарды 0 554 102-199, 0 312 486-417 жана 102 номерлерине чалууларын суранат.

Пикир

Оставить комментарий