• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкек шаардык милициясы: Текебаевге кол салгандардын өздүгүн тактоо иштери жүрүүдө

Укук тартиби 0

Бишкек, 01.12.21. /Кабар/. Өмүрбек Текебаевге кол салгандардын өздүгүн тактоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 1-декабрда, саат 15:30 чамаларында ички иштер органдарына Park Hotel мейманканасынын жанында Ө. Текебаевдин денесине белгисиз адамдар залал келтиргендиги тууралуу маалымат келип түшкөн.

Аталган маалымат боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБнин ыкчам-тергөө тобу келип, жеринде алдын ала териштирүү жүргүзүүдө аталган мейманкананын имаратынын жанында Текебаев турган кезде, белгисиз адамдар жакындап келип, күч колдонуп ачыктан ачык 10 миң сомдук уюлдук телефонун алып, денесинин бет тарабына залал келтиргендиги аныкталган.

"Жаран Ө. Текебаев бул окуя боюнча Биринчи май РИИБне белгисиз адамдарга карата уюлдук телефонун алып кеткендиги жана денесине залал келтиргендиги үчүн чара көрүү тууралуу арыз менен кайрылган", - деп айтылат маалыматта.

Аталган факты Ички иштер башкармалыгынын Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 201-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту, 3-бөлүгүнүн 3-пунктунда ("Адамдардын тобу же алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан тоноо"), каралган кылмыштын белгилери менен катталды.

Денеге залал келтиргендигинин деңгээлин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Анын жыйынтыгы менен Жазык кодексинде каралган кылмыштын квалификациясы коюлат.

Азыркы учурда аталган кылмышты жасаган адамдардын өздүгүн аныктоо багытында активдүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий