• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкек шаардык сот Исаковду 13-февралга чейин камакта калтырды

Укук тартиби 0

Бишкек, 14.01.19. /Кабар/. Бишкек шаардык сот экс-премьер-министр Сапар Исаковдун баш коргоо чарасын күчүндө калтырган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов билдирди.

Сот мурунку аткаминердин баш коргоо чарасын бүгүн караган.

Эске сала кетсек, мурун Бишкек шаарынын район аралык соту Исаковдун баш коргоо чарасын 2019-жылдын 13-февралына чейин калтырган.

Исаковдун юристтери бул иш боюнча жогоруда турган инстанцияга аппеляция беришкен, бирок сот анын баш коргоо чарасын күчүндө калтырган.

Эскерте кетсек, Сапар Исаков Бишкек шаарынын ЖЭБнин модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш иш боюнча өтүүдө. Жакында ага Тарых музейин оңдоо боюнча да бир айып тагылган.

Пикир

Оставить комментарий