• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкек шаардык социалдык стационардык мекемесинде “Күзгү бал” өткөрүлдү

Коом 0

Бишкек, 15.11.21. /Кабар/. Бишкек шаардык улгайган жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн социалдык стационардык мекемесинин жашоочуларына “Күзгү бал” өткөрүлдү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мекеменин жашоочуларынан жана кызматкерлеринен түзүлгөн командалар күз белектерин жасалгалоодо чеберчилик көрсөтүшүп, бий номерлерин, музыкалык композицияларды аткарышты.

Сынактын катышуучуларына музыкалык колдоо КР чек ара аскерлеринин ансамбли тарабынан көрсөтүлдү.

Сынактын жеңүүчүлөрү жана катышуучулары сыйлыктарга ээ болушту.

Маалымдама: Бишкек шаардык улгайган жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн социалдык стационардык мекемесинде 207 адам жашайт, бул мекеменин бардык жашоочулары акысыз социалдык, медициналык, турмуш-тиричилик кызматтары менен камсыз болуп, кийим-кече, бут кийим жана эң керектүү буюмдар менен толук камсыздалып турат.

Пикир

Оставить комментарий