• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкек шаардык соту 2022-жылдын жыйынтыгын чыгарды

Коом 0

Бишкек, 09.02.23. /Кабар/. Жогорку сотто Бишкек шаарындагы жергиликтүү соттордун 2022-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча кеңешме өттү. Бул тууралуу Жогорку соттон билдиришти.

Маалыматка ылайык, кеңешмеге Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков, төраганын орун басарлары Нурлан Мусаев, Айбек Давлетов жана Нургуль Бакирова, Сот департаментинин директору Медербек Сатыев, соттук тажрыйбаны жалпылоо, соттук статистиканы анализдөө жана Пленумдун ишин камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Адинахан Кадырова, ошондой эле Бишкек шаардык сотунун төрагасы Нурбек Эсеналиев, төраганын орун басарлары жана биринчи инстанциядагы соттордун төрагалары катышышты.

Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча Бишкек шаардык сотунун төрагасынын жарандык-экономикалык, кылмыш иштер жана укук бузуулар жана административдик иштер боюнча орун басарлары, райондук соттордун төрагалары доклад жасашты.

Жолугушуунун катышуучулары сот адилеттигин жүзөгө ашыруу, ишти кароонун сапаты боюнча статистикалык маалыматтар менен таанышышты. Ошондой эле, иштерди кароодо келип чыккан маселелер талкууланды. Бишкек шаарынын райондук сотторунун судьялары тарабынан кетирилип жаткан мүчүлүштүктөрү, Бишкек шаардык сотуна даттанылган иштердин жокко чыгарылышы жана өзгөрүлгөн көрсөткүчтөрү боюнча иштерди кароодо кетирилген кемчиликтери көрсөтүлдү.

Каралган жана даттанылган иштердин санына өзгөчө көңүл бурулду. 2022-жылы 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу каралган иштердин саны өскөн, эгерде 2021-жылы 48 025 сот иши болсо, 2022-жылы 58 548 иш болуп, 10 523 ишке өсүп, 17,97 %ды түздү.

2022-жылы Бишкек шаардык сотуна даттанылган иштердин саны да 666 ишке көбөйүп, 12,37 % түздү. Эгерде 2021-жылы 4 716 сот иши каралса, 2022-жылы 5 382 сот иши каралган. Бишкек шаардык сотунда ишти кароо 73,6%ды түздү.

Бишкек шаардык сотунун төрагасы Нурбек Эсеналиев процесстик мөөнөттөрдү сактоо соттордун эң маанилүү милдеттеринин бири экенин белгиледи. Бишкек шаарынын райондук соттору тарабынан иштерди кароодо процесстик мөөнөттөрдү бузуулардын саны 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 563га (34,41%га) өскөн.

Пикир

Оставить комментарий