• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкек шаардык соту Албек Ибраимовду камакта калтырды

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.09.18. /Кабар/. Бишкек шаардык соту борбордун мурдагы мэри Албек Ибраимовду камакта калтырды. Мындай чечим бүгүн, 17-сентябрда соттук процесстин жүрүшүндө кабыл алынды.

Мурдагы мэр 2018-жылдын 28-октябрына чейин камакта калат.

Жактоочу Сергей Слесарев аталган чечимге нааразычылыгын билдирип, Жогорку Сотто даттанарын айтты.

Соттун имаратынын алдында Ибраимовдун тарапташтары экс-мэрди бошотуу талабы менен чогулушту.

Эске салсак, 13-июлда Бишкек шаардык соту отурумда бир добуш менен Албек Ибраимовго ишенбөөчүлүк көрсөтүшүп, аны отставкага жиберишкен.

Кийинчирээк Ибраимов бир катар кылмыш иштерине шектелип кармалган.

Пикир

Оставить комментарий