• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкек шаардык соту Алмазбек Атамбаевди камакта калтырды

Коом 0

Бишкек, 12.03.21. /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаардык сотунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин иши каралды.

Жыйында айыпталуучунун жактоочусу Атамбаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүүнү жана аны үй камагына чыгарууну өтүнгөн.

Бирок, сот жактоочунун аталган өтүнүчүн орундаткан жок жана мурдагы мамлекет башчысынын баш коргоо чарасы өзгөртүүсүз калтырылды.

Азыркы учурда Атамбаев №47 колонияда кармалып турат, ал жакка ден соолугуна байланыштуу УКМКнын камак жайынан которулган.

Пикир

Оставить комментарий