• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкек шаардык соту Артыкбаевди камакта калтырды

Укук тартиби 0

Бишкек, 22.06.18. /Кабар/. Бишкек шаардык соту депутат Осмонбек Артыкбаевди камакта калтырды. Мындай чечим бүгүн, 22-июнда кабыл алынды.

Сот Артыкбаевдин жактоочусунун арызын карап, аны тергөө аягына чыккыча СИЗОдо калтыруу чечимин кабыл алып, Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды.

"2018-жылдын 7-июнунда КР УКМК тарабынан КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты О.Артыкбаевге “Бишкек ЖЭБин модернизациялоо” долбоорун ишке ашыруудагы коррупция боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесини 1-бөлүмүндө (Коррупция) каралган кылмыш белгилери боюнча айыбы тагылып, Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотунун чечими менен КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына тергөө аягына чейин кармоо жөнүндө баш коргоо чарасы каралды", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий