• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Бишкек шаардык соту Бабановду тергөө абагында калтырды

Укук тартиби 0

Бишкек, 22.06.21. /Кабар/. Бишкек шаардык сотунда мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановдун баш коргоо чарасы каралды. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, шаардык сот Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Буга чейин Биринчи май райондук соту Бабановду 31-июлга чейин УКМКнын тергөө абагында камоо түрүндө баш коргоо чарасын тандаган.

Эскерте кетсек, Өмүрбек Бабанов “Кумтөр” долбоорун ишке ашырууда коррупциялык факты боюнча кармалган.

Мындан мурда маалымдалгандай, УКМК, Башкы прокуратура, КР Ички иштер министрлигинин тергөөчүлөрүнөн турган ведомстволор аралык тергөө тобу “Кумтөр” кенин иштетүү боюнча долбоорду ар түрдүү этапта ишке ашырууда коррупциялык фактылар боюнча кылмыш ишин тергөөнү улантууда.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө алынган далилдердин негизинде, 2021-жылдын 31-майында экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов КР Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүмү (“Коррупция”) боюнча кылмыш жасаган деп шектелип кармалган.

КР УКМК туруктуу негизде аталган кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшү жана жыйынтыктары жөнүндө коомчулукка маалымат берип турат.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 17-майында Жогорку Кеӊеш министрлер кабинетине "Кумтөр Голд" компаниясына убактылуу тышкы башкарууну киргизип, тышкы башкаруучуну дайындоо сунушун берген.

Ошондой эле "Кумтөр голд компани" компаниясы көзөмөлдөө жана мөңгүлөрдү сканерлөө тутумун өчүргөндүгү маалымдалган.

Жыйындын жүрүшүндө УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев “Кумтөр” боюнча 4 кылмыш иши козголгондугун айткан.

Кийинчерээк Теңгиз Бөлтүрүк “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун убактылуу тышкы башкаруучусу болуп дайындалган.

Пикир

Оставить комментарий