• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкек шаардык соту блогер Ырыс Жекшеналиевди камакта калтырды

Укук тартиби 0


Бишкек, 02.09.22. /Кабар/. Бишкек шаардык сотунун 2-сентябрдагы чечими менен блогер Ырыс Жекшеналиев камакта калтырылды.

“Кабар” агенттигине соттун басма сөз кызматы билдиргендей, шаардык сот Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды.

Белгилей кетсек, райондук сот 19 жаштагы блогерди Бишкектеги №1 тергөө абагына 14-октябрга чейин камоо боюнча чечим чыгарган.

Эскерте кетсек, “Полит Узник” баракчасына жарыялаган маалымат боюнча кылмыш иши козголуп, анын администратору Ырыс Жекшеналиев ИИМдин тергөө кызматына чакырылган.

Жекшеналиевге карата Кылмыш жаза кодексинин 278-беренесинин ("Массалык башаламандык") 3-пунктуна ("Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар") ылайык кылмыш иши козголгон.

Пикир

Оставить комментарий