• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкек шаардык соту Өмүрбек Текебаевге карата соттун өкүмүн күчүндө калтырды

Укук тартиби 0

Бишкек, 02.10.17. /Салтанат Абдраева – Кабар/. Бүгүн, 2-октябрда Бишкек шаардык соту депутат Өмүрбек Текебаев менен ӨКМдин мурдагы башчысы Дүйшөнкул Чотоновго карата Биринчи Май райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырды.

Бишкек шаардык сотунан кабарлашкандай, Адис Момуналиевдин төрагалыгы алдындагы судьялык коллегия Биринчи Май райондук соттун Текебаев менен Чотоновду 8 жылга эркинен ажыратып, мүлкүн конфикациялоо өкүмүн күчүндө калтырган.

Эске сала кетсек, 16-августта Биринчи май райондук соту Текебаев менен Чотоновду күнөөлүү деп таап, алардын мүлкүн мамлекетке чегерүү менен 8 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн кабыл алган.

Пикир

Оставить комментарий