• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкек шаардык соту Мурат Суталиновду ден соолугуна байланыштуу абактан бошотту

Коом 0

Бишкек. 07.05.19 /Кабар/. Бишкек шаардык соту Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы башчысы Мурат Суталиновду ден соолугуна байланыштуу абактан бошотту. Мындай чечимди сот бүгүн, 7-майда кабыл алды.

Сот залынан чыкканда чогулган тарапташтары кол чаап тосуп алышты.

"Аябай ыраазы болуп жатам", – деди Суталинов журналисттердин суроосуна жооп берип жатып.

Жанында турган жакындарынын бири, "эми үйгө, үйгө", – деди.

Суталинов аны колдогон кыргызстандыктарга ыраазычылыгын билдирип, учурунда болгон окуялар үчүн элден кечирим сураганын кошумчалады.

Эске салсак, Суталиновдун саламаттыгы начарлап кеткенине байланыштуу аны эркиндикке чыгаруу маселеси каралган. Буга чейин Бишкек шаардык Ленин райондук соту 2019-жылдын 15-февраль айында аны эркиндикке чыгаруудан баш тарткан.

Суталинов 2010-жылдагы апрель окуясындагы кан төгүүгө байланыштуу айыпталып, 20 жылга соттолгон.

Пикир

Оставить комментарий