• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкек шаардык соту С.Жапаровду 28-майга чейин абакта калтырды

Укук тартиби 0

Бишкек, 4-май /Мирлан Киизбаев – Кабар/. Бишкек шаардык соту Биринчи Май райондук сотунун Садыр Жапаровду 2017-жылдын 28-майына чейин Бишкек шаарындагы тергөө абагында калтыруу чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, С.Жапаров КР УКМК тарабынан 2017-жылдын 25-мартында КР КК 227, 341, 113 жана 234-беренелерине ылайык козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган.

2017-жылдын 26-мартында С.Жапаровго КР КК 227, 341, 113 жана 234-беренелери боюнча айып тагылып, Бишкек шаардык Биринчи Май райондук соту тарабынан тергөө аяктаганга чейин камакка алуу чечими чыгарылган.

2017-жылдын 24-апрелинде шаардык Биринчи Май райондук соту тарабынан чыгарылган камакка алуу чечими 28-майга чейин узартылган.

Пикир

Оставить комментарий