• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкек шаардык соту Темир Сариевди камакта калтырды

Укук тартиби 0

Бишкек, 25.08.21. /Кабар/. Бишкек шаардык сотунда жыйын болуп, анда КРнын мурдагы премьер-министри Темир Сариевдин иши каралды.

Соттун басма сөз кызматынан билдиргендей, анын жактоочусу баш коргоо чарасын өзгөртүүнү өтүнгөн.

Бирок, соттук коллегия ишти карап, жактоочунун арызын канааттандырган жок. Сариевди УКМКнын убактылуу кармоочу жайында кармоо улантылат.

Эске салсак, УКМКнын тергөө аракеттеринин жыйынтыгына жана 2021-жылдын 3-августундагы иште алынган далилдерге таянып, тергөө өлкөнүн мурдагы премьер-министри Темир Сариевди УКМКнын убактылуу кармоочу жайында эки айга камакка алуу чечимин кабыл алган.

Тергөө учурунда Сариев экономика министри жана Мамлекеттик комиссиянын төрагасы болуп туруп, “Кумтөр” кенинин ишиндеги экологиялык зыяндын суммасын бир нече миллиард сомго азайткан, натыйжада мамлекетке чоң зыян келтирилген.

Пикир

Оставить комментарий