• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкек шаардык сотунда өткөн жылдын жыйынтыгын чыгарган кеңешме өттү

Коом 0

Бишкек, 10.02.22. /Кабар/. Бүгүн, 10-февралда Бишкек шаарынын жергиликтүү сотторунун 2021-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча кеңешме өткөрүлдү. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага КР Жогорку сотунун төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу Нургүл Асанова, ошондой эле Бишкек шаардык сотунун төрагасы Азамат Алыбаев, төраганын орун басарлары, биринчи инстанциядагы соттордун төрагалары жана судьялар катышты.

Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча райондук соттордун төрагалары, Бишкек шаардык сотунун төрагасынын жарандык-экономикалык, кылмыш иштер жана укук бузуулар жана административдик иштер боюнча орун басарлары доклад жасашты.

Жолугушуунун катышуучулары сот адилеттигин жүзөгө ашыруу, ишти кароонун сапаты боюнча статистикалык маалыматтар менен таанышышты. Ошондой эле, иштерди кароодо келип чыккан маселелер талкууланды, Бишкек шаарынын райондук сотторунун судьяларына бардык кемчиликтер, Бишкек шаардык сотуна даттанылган иштердин жокко чыгарылышы жана өзгөрүлмө көрсөткүчтөрү боюнча иштерди кароодо кетирилген кемчиликтер көрсөтүлдү.

Каралган жана даттанылган иштердин санына өзгөчө көңүл бурулду. 2021-жылы 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу каралган иштердин саны өскөн, эгерде 2020-жылы 36 821 сот иши болсо, 2021-жылы 47 044 иш болуп, 10 223 ишке өсүп, 27,76%.ды түздү.

2021-жылы Бишкек шаардык сотуна даттанылган иштердин саны да 917 ишке көбөйгөн, бул 27,22% түзөт, 2020-жылы 3368 сот иши каралса, 2021-жылы 4 285 сот иши каралган.

Бишкек шаардык сотунда ишти кароо 77,96%ды түзөт.

Жокко чыгарылган сот актыларынын санын кыскартуу үчүн биринчи инстанциянын судьяларына практикалык жана усулдук жардам көрсөтүлүүдө.

Бишкек шаардык сотунун төрагасы Азамат Алыбаев процесстик мөөнөттөрдү сактоо соттордун эң маанилүү милдеттеринин бири экенин белгиледи. Бишкек шаарынын райондук соттору тарабынан иштерди кароодо процесстик мөөнөттөрдү бузуулардын саны 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 949га (47,10%га) азайган.

Жыйынтыктоочу сөзүндө Бишкек шаардык сотунун төрагасы Азамат Алыбаев судьялардын көңүлүн алардын квалификациясын тынымсыз жогорулатууга бурду, анткени сот адилеттигинин натыйжалуулугу көбүнчө судьялардан, алардын кесиптик даярдыгынан жана соттук практиканын бирдей колдонулушунан көз каранды.

Пикир

Оставить комментарий