• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкек шаардык тез жардам кызматына 6 унаа берилди

Коом 0

Бишкек, 26.12.20. /Кабар/. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев "COVID-19 даярдыгын жогорулатуу максатында тез жардам" долбоорунун алкагында Бишкектин тез жардам кызматына 6 унаа тапшырды.

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, тез жардам унаалары германиялык «Форд Транзит» маркасындагы унаалар.

«Алар бардык керектүү дарылоо-диагностикалык жабдуулар менен жабдылган: бейтапка кычкылтек жеткирүү үчүн жасалма дем алдыруучу аппарат, электрокардиографтар, небулайзерлер, дары-дармектерди сактоочу буюмдар», - деп айтылат билдирүүдө.

Бишкекте күнүнө линияга 32-35 тез жардам унаасы чыгары айтылат.

Пикир

Оставить комментарий