• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкек шаары боюнча ӨКМ кызматкерлери арасында коронавирус жуктургандар жок - Чаргынов

COVID - 19 0

Бишкек, 12.06.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Бишкек шаары боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери арасында коронавирус жуктургандар жок. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысы Адилбек Чаргынов өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, ӨКМ тарабынан шаардагы блокпосттор чатырлар, керебет жана башка керектүү каражаттар менен камсыздалган.

"Бишкек шаарындагы обсервация пункттарында 2 миң 552 орундук даярдалган. Аны менен бирге, "Манас" эл аралык аэропортунун аймагында 1 миң 300 орундук даяр турат. Бардык обсервация пункттарында тийиштүү шарттар түзүлгөн", - дейт ал.

Чаргынов кошумчалагандай, 2-февралдан тарта бүгүнкү күнгө чейин 9 миңден ашык адам обсервацияга алынган.

Пикир

Оставить комментарий