• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкек шаарын бренддөө талкууланды

Коом 0

Бишкек, 18-июль /Кабар/. Бишкек шаардык мэриясында Бишкек шаарынын туристтик брендин иштеп чыгуу боюнча вице-мэр Айгүл Рыскулованын жетекчилигинин алдында жыйын болуп өттү.

Мэриянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, жыйында маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жетекчилиги, мэриянын маданият башкармалыгынын жетекчилиги катышты.

Шаардын брендин иштеп чыгуу - бул комплекстүү иш чара, калааны брендге айлантуу инвесторлорго, туристтерге жана шаар тургундарына жагымдуу болуп өзүнө тартып турат.

Бренд шаарга инвестиция тартууга, туристтердин агылып келишине шарт түзөт.

Иштелип чыккан бренд менен келечекте ар түрдүү товарлар, кызмат көрсөтүүлөр, жарнамалар чыгарылып турат. Бул өз кезегинде Бишкектин атактуулугун күчөтөт.

Белгилей кетсек, өнүккөн өлкөлөрдө мамлекетти, аймактарды бренддөө практикасы ийгиликтүү колдонулуп келет. Учурда Кыргызстанда Нарын облусунун брендди ийгиликтүү иштеп жатат.

Аталган иш чара Кыргызстанда туризмди 2020-жылга чейин өнүктүрүү программасынын негизинде алып барылып жатат. Азыркы күнү Ош жана Ысык-Көл облусун брендге айлантуу аракеттери көрүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий