• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежесин бузгандарга айып пул салынды

Коом 0

Бишкек, 22.07.21. /Кабар/. Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежесин бузгандарга айып пул салынды. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, күн сайын муниципалитеттин санитардык-экологиялык инспекциясы шаардын аймагынын санитардык абалын жакшыртуу, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча иш алып барууда.

Көк-Жар конушундагы турак жайдын айланасындагы антисанитардык абал үчүн "Ригел" компаниясына 70-берене менен 13 миң сом айып салынган. Ушул эле берене менен шаар тургуну Г.Сыдыковага Л.Толстой көчөсүндө жайгашкан 192-үйдүн айланасындагы башаламан таштанды үчүн 3 миң сом өлчөмдө айып пул салынды.

Көп кабаттуу үйлөрдү көрктөндүрүү эрежелерин бузгандыгы үчүн Балтагулов көчөсү 2/3 үйдүн жашоочусу А.Чаргымбаева 66-берене менен 3 миң сом айып төлөйт.

Жолдордогу өндүрүштүн талаптарын бузгандыгы үчүн "Шынкыйюань Фрунзе" компаниясы 119-1-берененин 1-бөлүгүнө ылайык 23 миң сом айып төлөйт.

Пикир

Оставить комментарий