• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкек шаарын көрктөндүрүү иштери башталды

Коом 0

Бишкек, 29.04.21. /Кабар/. "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери бир жылдык гүлдөрдү отургузууну башташты. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, борбор калаада агератум, сальвиянын бир нече түрү, тагетелер, ошондой эле георгина жана цинерарии гүлдөрү отургузулууда.

Белгилей кетсек, быйыл борбор калаадагы гүлзарларда 1,5 миллиондон ашык бир жылдык гүлдөр гүл ачат. Борбор калаада май айына гүлдөрдүн ачык түстөрүнүн гүлдөшүн күтсө болот, жайдын башында шаарда 32 түр гүлдөр шаарга көрк кошот.

Борбор калаадагы гүлзарлардын дизайны гүлдөрдүн композициясына жана көркөм чечимине ылайык иштелип чыккан.

Пикир

Оставить комментарий