• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкек шаарын көрктөндүрүү иштери уланууда

Коом 0

Бишкек, 30.09.22. /Кабар/. “Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканасы шаарды көрктөндүрүүнү улантууда.

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, жашылдандыруучулар Манас, Фрунзе, Токомбаев, Ахунбаев, Каралаев, Шабдан Баатыр, Шопоков, Абдрахманов көчөлөрүндө жана Эмен, “Физкультурный” сейил бактарында сугат иштерин жүргүзүүдө.

Ошондой эле жашыл майсандарды жана бадал тосмолорду тегиздөө иштери Юнусалиев, Жукеев-Пудовкин, Шабдан Баатыр, Чолпон-Ата көчөлөрүндө жана “Ынтымак” 1, 2 сейил бактарында өттү.

Мындан тышкары, Жеңиш аянтындагы, Жаштар аллеясындагы, Уркуя Салиева атындагы кичи сейил бактагы жана Бишкек баатырдын эстелиги менен Масалиев көчөсүндөгү гүлзарларда отоо жана тазалоо иштери жүргүзүлдү.

Ошондой эле санитардык бутоо иштери Жантөшов, Рыскулов, Сокулук көчөлөрүндө жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий