• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкектин мэри Кореянын элчиси менен кызматташтыкты өнүктүрүүнү талкуулады

Коом 0

Бишкек, 12.10.21. /Кабар/. Борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ли Вонджэ менен жолукту. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Бишкек менен Куми (Түштүк Кореянын Кёнсан-Пукто провинциясы) шаарынын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүүнү талкуулашты.

Жунушалиев Кореянын шаарлары менен саламаттыкты сактоо, шаардык инфраструктураны өнүктүрүү чөйрөлөрүндө тажрыйба алмашууга кызыкдар экенин билдирди.

Өз кезегинде элчи Бишкек шаарынын мэрине кызматташтык үчүн ыраазычылык билдирип, Кореянын башка шаарлары менен достук мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экенин баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий