• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкек шаарын мыйзамсыз орнотулган объектилерден тазалоо улантылууда — мэрия

Коом 0

Бишкек, 20.01.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы борбор калааны мыйзамсыз орнотулган объектилерден тазалоону улантууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Манас проспектисиндеги № 95 үйдүн жанындагы темир тосмо демонтаждалды. Москва жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде унаа токтотууга чектөөлөр киргизилди. Башкармалыктын адиси тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ээлери өз ыктыяры менен объекттерди алып салышты.

Ошондой эле Раззаков жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинде уруксатсыз орнотулган унаа токтотуучу жайларды чектөө түрүндөгү мыйзам бузуулар жоюлган.

Пикир

Оставить комментарий