• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Бишкек шаарына 140 жыл: Эртең кайсы көчөлөр жабылат?

Коом 0

Бишкек, 28.04.18. /Кабар/. Бишкек шаарынын 140 жылдыгын белгилөөгө карата көчөлөрдүн жабылышына байланыштуу коомдук унаалардын каттамы өзгөртүлөт,-деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.

Мэриянын шаардык унаа башкармалыгынын маалыматы боюнча, Бишкек шаарынын 140 жылдыгын билгилөөгө байланыштуу эртең, 29-апрелде Чүй проспекти жана Киев көчөсү, Манас проспекти жана Б.Баатыр көчөлөрү жабыла тургандыгына байланыштуу, коомдук унаалардын каттамы өзгөрөт.

Коомдук унаа төмөндү көчөлөр аркылуу каттайт:

–Токтогул көчөсү аркылуу (чыгыш-батыш) каттамдар: №№ 103, 104, 107, 111, 122, 134, 135, 136, 137, 138, 139, 143, 148, 164, 166, 170, 172, 179, 185, 199, 211, 212, 216, 219, 220, 224, 225, 227, 240, 243, 254, 258, 260, 264, 269 жана автобустук маршруткалар - №№ 42, 38, 7.

– Фрунзе көчөсү аркылуу каттай турган маршруттар (батыш-чыгыш): №№ 103, 104, 107, 108, 111, 129, 134, 135, 136, 137, 138, 139, 143, 148, 166, 172, 179, 185, 211, 212, 213, 216, 220, 222, 224, 227, 240, 258, 264, 260.

– Москва көчөсү аркылуу (батыш-чыгыш): №№ 122, 164, 170, 199, 122, 225, 243 жана автобустук маршруттар - №№ 42, 38, 7, ошондой эле троллейбустар - №№ 2, 3, 7.

– Жибек-Жолу көчөсү менен (эки жактуу багыт боюнча) № 203.

Пикир

Оставить комментарий