• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкек шаарына 145 жыл. Эртең Чүй проспектисинин бир бөлүгү жабылат

Коом 0

Бишкек, 28.04.23. /Кабар/. Эртең, 29-апрелде Бишкек шаарынын 145 жылдыгына карата Ала-Тоо аянтында майрамдык концерт өтөт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, буга байланыштуу эртең саат 16:00дөн 00:00гө чейин Чүй проспектисинин Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт жана каттамды алдын ала пландаштырып алууну суранат.

Пикир

Оставить комментарий