• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкек шаарына Баткенден ыктыярчы-дарыгерлердин тобу келди

COVID - 19 0

Бишкек, 04.07.20. /Кабар/. Баткен облусунан жети дарыгер жана 19 медайым оорунун очогу болгон Бишкек шаарына коронавирус илдети менен күрөшүүгө көмөк көрсөтүү үчүн келишти. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Министрликтин маалыматына ылайык, Бишкек шаарында абал курчуп жаткандыгына байланыштуу дарыгерлер жана медициналык айымдар жетишпей жатат. Ага байланыштуу аймактардан ыктыярчы-дарыгерлер шаардык медицина кызматкерлерине көмөк көрсөтүш үчүн келип жатышат.

«Бүгүнкү күндө дарыгер, медициналык айымдар жана санитаркалардан турган 94 медкызматкер Бишкекке келишти. Алардын баары медицина кызматкерлери жетишпеген ооруканаларга бөлүштүрүлөт. Бир бөлүгү 118 кеңеш берүү кызматынын ишине тартылат»,- деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий