• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкек шаарына биринчи мугалим- Дүйшөндүн айкели тургузулат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 22-май /Кабар/. “Биринчи мугалим – Дүйшөндүн” эстелигин тургузуу демилгеленүүдө. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, бул маселе, бүгүн, 22-майда парламенттин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо комитетинин жыйынында каралды. Айкел Билим берүү жана илим министрлигинин алдына коюлат. Бул багытта маалымат берген демилгечи депутат Рыскелди Момбеков,- "Эстелик залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине карата орнотулат. Демилгеге негиз берген тарап - Билим берүү жана илим министрлиги. Мисалы, ИИМ Академиясынын алдында Э.Алиевдин, КУУнун алдында Ж.Баласагындын эстеликтери турат. Ошол сыяктуу Билим берүү жана илим министрлигинин алдында да оргиналдуу эстелик тургузулса жакшы болмок",- деп билдирди.

Депутат Жанар Акаев Кыргыз мамлекетинде эстеликтер бири-бирине окшош экенин белгиледи. Чет өлкөлөрдө ар бир айкелдин өзгөчөлүгү бар үчүн ошол эстеликтердин жанында сүрөткө түшкөн кишилер көп,- дейт депутат.

Маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков чыгармада эмес, кадимки жашоодо жашап өткөн Дүйшөндүн сүрөтү бар экенин, эстелик ошонун негизинде жасаларын айтып, атайын сынакка келип түшкөн эмгектердин ичинен эстеликтин эскизи тандалаарын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий