• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкек шаарына кирүү үчүн ПЧР-тест тапшыруунун кереги жок – вице-мэр

Коом 0

Бишкек, 13.05.20. /Кабар/. Бишкек шаарына кирүү үчүн ПЧР-тест тапшыруунун кереги жок. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын вице-мэри Азиз Алымкулов билдирди.

Ал Бишкек шаарынын кириш-чыгыш жерлеринде 16 санитардык-карантиндик посттор орнотулганын айтып өттү. Ал Чүй облусунда жашап, бирок Бишкек шаарында жашаган жарандар бар экенин белгилеп, аларга шаарга кирүү үчүн ПЧР-тесттен өткөндүгү тууралуу маалымкат алуунун зарылдыгы жок экенин билдирди.

"Бишкек шаарына кирүү үчүн ПЧР-тесттен өткөндүгү тууралуу маалымкат көрсөтүү талап кылынбайт. Иштеген жеринен маалымкат жана маршруттук кагаз жетиштүү", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий