• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Бишкек шаарына кире бериш жерлерде орнотулган санитардык посттордун даректери

Коом 0

Бишкек, 11.05.20. /Кабар/. Шаардын кире бериш жерлеринде 16 санитардык-карантиндик пост орнотулду. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов билдирди.

Анын айтымында, посттордо калаага кирип жаткан адамдардын дене табы текшерилет жана коронавирус, КРВИге шектенүү болгон учурда медкызматкерлер обсервацияга жөнөтүүгө же экспресс-тест, ПЧР тест алууга укуктуу.

Орнотулган блокпосттордун тизмеги:

1. "Азамат" унаа базары – Айланма жол;

2. Айланма жол - "Фрунзе" чарбысы;

3. Васильевский тракт / Айланма жол ("Ак-Жол");

4. Пригородное айылы – Айланма жол;

5. Айланма жол – Маевка айылы (тегеренме жол);

6. Айланма жол – Теңдик калктуу конушу;

7. Айланма жол – Киргизия көчөсү (Төмөнкү Ала-Арча);

8. Айланма жол – Келечек калктуу конушу;

9. Айланма жол – Дордой;

10. Айланма жол – Ибраимов көчөсү;

11. Айланма жол – Алма-Ата көчөсү;

12. Айланма жол – ГЭС-5 (тегеренме жол);

13. Жибек Жолу проспектиси – Киргшелк;

14. Кара-Жыгач жана Сары-Жоон айылдарынын ортосундагы жол;

15. Горная Маевка айылындагы жол;

16. Кызыл-Туу жана Маловодное айылдарынын ортосундагы жол.

Пикир

Оставить комментарий