• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкек шаарында 1 миң 756 жаран обсервация жана үй карантининде жатат – Суракматов

COVID - 19 0

Бишкек, 07.03.20. /Кабар/. Бишкек шаарында 1 миң 756 жаран обсервация жана үй карантининде жатат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов билдирди.

"Инкубациялык мезгил өткөн соӊ – 14 күндөн кийин алардан кайрадан анализ алынат, эгерде жыйынтыктары оорунун жок экенин көрсөтсө, анда алар көзөмөлдөн чыгарылат", - деди Суракматов.

Анын айтымында, бүгүнкү күнгө чейин шаар боюнча карантин мөөнөтү аяктап, анализдеринин жыйынтыгы оору жок экенин көрсөткөн 1 миң 359 адам көзөмөлдөн чыгарылган.

Пикир

Оставить комментарий