• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкек шаарында 100 миң түтүнгө гуманитардык жардам көрсөтүлдү – мэр

Коом 0

Бишкек, 23.05.20. /Кабар/. Бишкек шаарында 100 миң түтүнгө гуманитардык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов билдирди.

"2020-жылдын 23-майына карата Бишкек шаары боюнча 100 миң түтүнгө гуманитардык жардам же 250 миңден ашык жаранга азык-түлүк жагынан жардам көрсөтүлдү. Борбор шаарыбызда шаардык штаб жана райондук штабдар күнү-түнү иштөөдө. Кайрылуу тизмелери Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан иштелип чыккан "1227-Түндүк" электрондук порталында катталып жатат", - деди ал.

Анын айтымында, Бишкек шаарынын социалдык аярлуу катмарына гуманитардык жардам көрсөтүү максатында 8 багыт боюнча иш жүргүзүлдү:

1. Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан Мамлекеттик материалдык резервдер фондусунан аз камсыз болгон жана көп балалуу үй-бүлөлөргө 300 тонна ун бөлүнгөн, бул багыттагы иштер 100%га аяктады;

2. Кайрымдуулук фонддор тарабынан 12 миң 659 үй-бүлөгө азык-түлүк жагынан жардам берилди.

3. Шаардык бизнесмендер тарабынан көрсөтүлгөн жардам бүгүнкү күндө 25 миң 358 азык-түлүк топтомун түздү.

4. Шаардык бюджеттен 16 миң 725 муктаж үй-бүлөгө азык-түлүк топтому түрүндө жардам көрсөтүлдү.

5. Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан Бишкек шаарына чектеш болгон Чүй облусунун турак жай конуштарынын тургундарына жардам көрсөтүү үчүн 7 миң 167 азык–түлүк топтому жана 113 тонна ун, 21,3 тонна шекер бөлүндү.

6. Азык-түлүк менен камсыздоо боюнча республикалык башкы штабдан 1 миң азык-түлүк баштыкчасы бөлүндү.

7. Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан 30 миң 787 азык-түлүк баштыкчасы жана 300 тонна ун, 90 тонна шекер бөлүнгөн. Ар бир азык-түлүк топтомунун суммасы 1 миң 200 сомду түздү.

8. Бүгүнкү күнү Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан кошумча дагы 25 миң азык-түлүк баштыкчасы жана 250 тонна ун, 75 тонна шекер бөлүндү.

Пикир

Оставить комментарий