• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкек шаарында 2 млн метрден ашык көчө дезинфекцияланды - ӨКМ

Коом 0

Бишкек, 12.06.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Бишкек шаарында 2 млн метрден ашык көчө дезинфекцияланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысы Адилбек Чаргынов өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаровдун буйругунун негизинде Бишкек шаарынын аймагында коронавирус инфекциясынын тарап кетишине бөгөт коюу максатында дезинфекциялык иштер жүргүзүлүүдө.

"Дезинфекциялык иштер "Орто-Сай", "Ош", "Аламедин" базарларында, соода түйүндөрүндө жана шаардын көчөлөрүндө жүргүзүлдү. Көчөлөр боюнча жалпы 2 млн 372 миң 996 погондук метр, имараттардын 1 млн 654 миң 189 чарчы метри дезинфекцияланган. "Тазалык" ишканасы тарабынан көчөлөрдүн 1 млн 472 миң 168 погондук метри жана аялдамалардын 576 миң 290 метр жери залалсыздандырылды", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий