• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкек шаарында 348 адам коронавирус жуктурган. Анын ичинен 90у медицина, 43ү милиция кызматкерлери

Коом 0

Бишкек, 23.05.20. /Кабар/. Бишкек шаарында 348 адам коронавирус жуктурган. Анын ичинен 90у медицина, 43ү милиция кызматкерлери. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов билдирди.

Анын айтымында, коронавирус жуктурган 348 адам менен 727 киши байланышта болгон.

"Учурда үй карантинин убактысы бүтүп, анализдери таза чыккандыктан 307 көзөмөлдөн чыгарылган. Коронавирус жуктурган 348 адамдын ичинен 90у медицина кызматкери, 43 адам ички иштер органдарынын кызматкерлери. Бүгүнкү күнү Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынан 246 адам айыгып чыкты. Статистика боюнча шаардагы коронавируска чалдыккан адамдардын 102си Ленин районунда, Октябрь районунда – 71 киши, Биринчи май районунда – 56 жана 43 адам Свердлов районунда жашайт", - деди ал.

Анын айтымында, үй карантининде жаткан жарандарды көзөмөлдөө үчүн 20 көчмө бригада иштеп жатат.

Пикир

Оставить комментарий