• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкек шаарында 4 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алгандыгы аныкталды

COVID - 19 0

Бишкек, 06.05.20. /Кабар/. Бир сутка ичинде өлкө боюнча Бишкек шаарында 4 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтуусуна караганда, жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 221 учур катталды, алардын ичинен 154 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Белгилей кетсек, 6-майга Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 871 адамга жетти. Алардын ичинен 221и медицина кызматкери. Илдеттен 614 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 12 адам каза болду.

Коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында жана Нарын облусунун Ат-Башы районунда 10-майга чейин узартылган.

Пикир

Оставить комментарий