• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкек шаарында 50 учур. Кыргызстанда дагы 78 адамда COVID-19 табылды

COVID - 19 0

Бишкек, 14.06.20. /Кабар/. Кыргызстанда 14-июнь саат 10:00гө карата коронавирус жуккан жаңы 78 учур катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штабдан маалымдашты.

Штабдын билдирүүсүнө караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 2 миң 285 адамга жетти.

Сутка ичинде катталган жаңы учурлардын ичинен;

Бишкек шаарында - 50,

Чүй облусунда - 13,

Ысык-Көл облусунда - 2,

Нарын облусунда - 3,

Жалал-Абад облусунда - 5,

Талас облусунда - 5 учур бар.

Жаңы катталган 78 учурдун ичинен сырттан келгендер – 4 (5%), тастыкталган учурлар менен байланышта болгондор – 39 адам (50%), кайдан жуктурганы белгисиз – 35 учур (45%).

Пикир

Оставить комментарий