• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкек шаарында 90 миңге жакын аз камсыз болгон үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү – Түлөбаев

Коом 0

Бишкек, 03.05.20. /Кабар/. Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын мэриясынын аппаратынын жетекчиси Балбак Түлөбаев Бишкек шаарында жергиликтүү бюджет, өкмөт, кайрымдуулук фонддорунун жана жарандардын көмөгү менен аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө көрсөтүлгөн жардам тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, бүгүнкү күнгө карата Бишкек шаарында 90 миңге жакын аз камсыз болгон үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү.

"Учурда өкмөттүн жардамы менен 4,3 миң үй-бүлөгө азык-түлүк жардамын даярдап жатабыз. Свердлов районунун Ак-Жар конушундагы 1,8 миң аз камсыз болгон жаранга, ошондой эле Ленин районуна чектеш Сокулук районундагы Ак-Ордо-1,2,3, Селекция, Ак-Тилек конуштарындагы 2,5 аз камсыз болгон үй-бүлөгө азык-түлүк баштыкчалары даярдалып, жакын арада жеткирилет", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий