• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкек шаарында башкы балаты жанды (сүрөт)

Коом 0

Бишкек, 11.12.18. /Кабар/. Бишкектеги Ала-Тоо аянтында өлкөнүн башкы балатысы жанды.

Быйыл 2015-жылы Кытайдын элчилиги белек кылган балаты кайрадан орнотулду. Анын бийиктиги 25 метр, диаметри 12 метр.

Жаңы жылдык балаты 350 оюнчук, узундугу 240 метр болгон жарык диоддук гирлянда жана 240 метрлик мишура менен кооздолгон.

Мэриядан билдиришкендей, “Бишкек башкы архитектура” муниципалдык ишканасы тарабынан иштелип чыккан борборду жасалгалоо концепциясы “Кышкы жомок” деп аталат. Аянттагы майрамдык композициянын борборунда “Кар ханышасы” жомогу боюнча “Муз тактысы” инсталляциясы орнотулган.

Пикир

Оставить комментарий