• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкек шаарында бир күн ичинде 96 миң чарчы метр аймак дезинфекцияланды

Коом 0

Бишкек, 01.06.20. /Кабар/.Коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында өлкө боюнча дезинфекциялоо иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 31-майда Бишкек шаарынын аймагында 96 000 чарчы метр имараттын сырты жана 7000 погондук метр автоунаа жолдор залалсыздандырылган. Жалпы 24,7 кг хлор колдонулган.

Эскерте кетсек, дезинфекциялоо иштери жарандар көп бара турган объектилерде, тагыраак айтсак, азык-түлүк дүкөндөрүндө, банктарда, базарларда, дарыканаларда жана автоунаа жүрүүчү жолдордо жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий