• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкек шаарында бир жумада 61 мас айдоочу аныкталды

Коом 0

Бишкек, 08.11.21. /Кабар/. Бишкекте Милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан бир жуманын ичинде 61 мас айдоочу аныкталган. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 29-октябрдан тартып 4-ноябрга чейин Бишкек шаарынын аймагында Бишкек ШИИББ боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан 3 миң 999 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.

Алардын ичинен:

- Мас абалында авто унаа башкаруу - 61 айдоочу;

- Авто унаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо - 13;

- Айдоочулук кубөлүгү жок авто унаа башкаруу - 47;

- Жөө жүргүнчүлөр жана велосипедчендер катышкан жол эрежелерин бузуулар - 52;

- Башка жол эрежелерин бузуулар - 3826;

Мындан тышкары, 395 авто унаа ар кандай жасаган бузуулары үчүн убактылуу айып короо жайына токтотулду.

Пикир

Оставить комментарий