• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкек шаарында да коменданттык сааттын убактысы өзгөртүлдү

Коом 0

Бишкек, 15.04.20. /Кабар/. Бишкек шаарында коменданттык сааттын убактысы өзгөртүлдү. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

Орозалиев өзүнүн сөзүндө өзгөчө абал тартибинин мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылганын эскертип өттү.

"15-апрелден тарта Бишкек шаарында коменданттык саатын убактысы кыскартылып, анын убактысы кечки саат 21:00дөн эртең мененки саат 06:00гө чейин деп белгиленди", - деди ал.

Эскерте кетсек буга чейин коменданттык сааттын убактысы 20:00-07:00 сааттар арасы деп белгиленген.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий