• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкек шаарында дезинфекциялоо иш-чаралары жүрүүдө

Коом 0

Бишкек, 30.06.20. /Кабар/. Бишкек шаарында дезинфекциялоо иш-чаралары жүрүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 30-июнда Бишкек шаарында коронавирус илдетин алдын алуу максатында ӨКМнин Бишкек шаары боюнча башкармалыгы тарабынан Октябрь районунда жайгашкан Октябрь райондук сотунун, №10 МТУнун, мекемелеринин айланасында жана Көк Жар кичи районунун турак жайларынын короолорунда, соода түйүндөрдө, дүкөндөрдө, жөө жүрүүчү жолдордо, №148 бала бакчасынын балдар ойноочу аянтчаларында, аялдамаларда дезинфекциялоо иштери жүргүзүлдү.

Ошондой эле, кол шаймандарын колдонуу менен Чүй проспектисинин, Шопоков көчөсүнөн Гоголь көчөсүнө чейин жоо жүрүүчү тротуар, аялдамалар, отургучтар, курчоочу курулмалар, Айыл Банк, “Фармамир” дарыканасынын тегереги, Дордой Плаза жана Детский Мир соода борборлорунун жана ошондой эле кичи базарлардын тегерегин (Ак-Эммир, Үйгө жарашык, Ыйман, Аалам, Чолпон, Таатан) сырттарын дезинфекциялоо иштери жүргүзүлдү.

Иш-чарага башкармалыктан 13 кызматкер тартылып, жалпы аянты 19000 чарчы метрди түздү.

Пикир

Оставить комментарий