• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкек шаарында дезинфекциялоо иштери түнкү маалда жүргүзүлүүдө – вице-мэр

Коом 0

Бишкек, 16.05.20. /Кабар/. Бишкек шаарында дезинфекциялоо иштери түнкү маалда жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынан вице-мэри Татьяна Кузнецова билдирди.

"Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башкармалыктары, санитардык-экологиялык инспекция, "Бишкек жашылдандыруу", "Тазалык", "Бишкексууканал" ишканалары тарабынан жолдорду, обсервациялардын аймактарын, имараттарды дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүүдө. Дезинфекциялоо иштери түнкү маалда жасалууда: 22:00дөн 03:00гө чейин. Мындан улам шаар тургундарын жана конокторун бул убакта зарылчылык болбосо сыртка чыкпоого чакырабыз", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий