• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкек шаарында дезинфекциялоо иштери уланууда - ӨКМ

Коом 0

Бишкек, 26.06.20. /Кабар/. Бишкек шаарында каронавирус илдетин алдын алуу максатында дезинфекциялоо иштери улантылууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 25-июнда Бишкектин Асанбай жана №6, №11, №12 кичи райондорундогу турак жайлардын короолорунда, балдар ойноочу аянтчаларда, дүкөндөрдө, дарыканаларда жана жөө жүрүүчү жолдордо дезинфекция иштери жүргүзүлдү. Жалпы аянты 4800 чарчы метрди түздү.

Дезинфекциялоо жумуштары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий