• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкек шаарында дезинфекциялоо иштери уланууда

Коом 0

Бишкек, 29.06.20. /Кабар/. Бишкек шаарында дезинфекциялоо иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 29-июнда Эркиндик бульварынан баштап Чүй проспектиси менен Шопоков көчөсүнө чейин эл көп чогулуучу жайларда, банк, дарыканаларда, аялдамаларда, жер өткөөлдө, ири соода борборлордун алдында жана ошондой эле Орозбеков көчөсүндө жайгашкан Эталон-Строй, Көк-Сай, Айдин, Шар-Чебер жана Арпа кичи базарларда дезинфекциялоо иштери жүргүзүлдү. Жалпы аянты 14080 чарчы метрди түздү.

Ошондой эле, Бишкек шаарынын Орто-Сай базарында жана айланасында жайгашкан соода түйүндөрдө, дүкөндөрдө, аялдамаларда жөө кол чачкычтар менен дезинфекциялоо иштери жүргүзүлдү. Жалпы аянты 6700 чарчы метрди түздү.

Дезинфекциялоо иш-чаралары уланмакчы.

Пикир

Оставить комментарий