• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Бишкек шаарында эки мектеп жана эки класс карантинге жабылды

COVID - 19 0

Бишкек, 15.12.21. /Кабар/. Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун буйругу менен Бишкек шаарындагы №62 мектеп-гимназия жана №56 мектеп жарым-жартылай карантинге жабылды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, №56 мектептин 5-11-класстарынын окуучулары 14-декабрдан 20-декабрга чейин карантинге жөнөтүлдү. Өз кезегинде башталгыч класстын окуучулары салттуу режимде окуусун улантышууда.

“№62 мектептин бардык окуучулары 15-декабрдан 24-декабрга чейин онлайн окушат”, - деп айтылат маалыматта.

Билим берүү башкармалыгы борбордогу жогоруда аталган эки мектеп жана 2 класс карантинге жөнөтүлгөнүн белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий