• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте түнкүсүн чоңдордун коштоосу жок жүргөн 7 бала аныкталды

Коом 0

Бишкек, 02.02.22. /Кабар/. Бишкек шаарында түнкүсүн чоң кишилердин коштоосу жок жүргөн 7 бала аныкталды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Свердлов районунун акимиатынын беш мобилдик тобу тарабынан кайыр сурап, оор абалда калган балдарды аныктоо боюнча рейддик иш-чаралар «Дордой», «Аламүдүн», «Мадина», «Чынар», Старый толчок базарларында, «Глобус», «Народный», «Фрунзе», ГУМ «Чынар», ЦУМ «Айчүрөк», супермаркеттеринде, Борбордук мечиттин жанында жана башка мечиттерде өткөрүлдү. Ошондой эле түнкү интернет клубдары, кафелер текшерилди. Жалпысынан 185 объект камтылды.

Рейддин жыйынтыгында 5 аял жана 9 бала, ошондой эле түнкүсүн чоң кишилердин коштоосу жок жүргөн кароосуз калган 7 бала аныкталды.

Бардык аныкталган фактылар боюнча жашы жете элек балдардын ата-энелери менен келечекте мындай фактыларды болтурбоо максатында профилактикалык сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, бардык аныкталган кароосуз калган жашы жете элек өспүрүмдөр ата-энелерине жана туугандарына өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий