• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Бишкекте кечки эмдөө борборлорунун иши убактылуу токтотулду

COVID - 19 0

Бишкек, 07.06.21. /Кабар/. Бишкекте коронавирустук инфекцияга каршы алынган вакциналардын биринчи партиясын эмдөө аяктады. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Буга байланыштуу саламаттык сактоо башкармалыгы 4-июндан баштап кийинки атайын билдирүүгө чейин Ленин районунун Бириккен үй-бүлөлүк медицина борборун, Октябрь райондук БҮМБ №18- ҮМБ, Биринчи май райондук БҮМБ №14- ҮМБ, Свердлов райондук БҮМБ №8- ҮМБ, кечки эмдөө борборлорунун ишин убактылуу токтотту.

Белгилей кетсек, студенттердин шаардык поликлиникасында бир гана кечки эмдөө пункту иштейт, иш графиги 15:00дөн 23:00гө чейин.

Эске салсак, Бишкек шаарына 24 убактылуу эмдөө пункту жайгаштырылган. Алар 8:00дөн 17:00гө чейин иштешет:

- Ленин районунун БҮМБ;
- Биринчи май районунун БҮМБ;
- Свердлов районунун БҮМБ;
- Октябрь районунун БҮМБ;
- Свердлов районунун БҮМ №4,8,9 ҮМБ;
- Биринчи май районунун БҮМБ №7,14,16 ҮМБ;
- Октябрь районун БҮМБ №15,18,19 ҮМБ;
- Ленин районунун БҮМБ № 2, 17 ҮМБ;
- "Калыс-Ордо", "Учкун", "Бакай-Ата", "Ак-Бата", "Ак-Босого" "Тунгуч" жаңы конуштарынын медициналык амбулаториялары;
- Темир жол ооруканасынын поликлиникасы.
"Гам-Ковид-Вак" эмдөөсү (Спутник V) Октябрь районунун БҮМБда, № 2-7-8чи ҮМБда жүргүзүлүүдө.

Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө 21135 адам эмдөөдөн өткөн, анын ичинен 13041 адам экинчи дозасы менен эмделген. Алардын ичинен: 2858 медицина кызматкерлери, Бишкек шаарындагы мектептеринин 882 мугалими, 1074 бюджеттик кызматкерлер, 385 укук коргоо органдарынын кызматкерлери, 65 жаштан жогору адамдар - 5362, 10308 - башка категориядагы жарандар, 447 өнөкөт оорулар менен ооруган адамдар.

Эмдөө иштери Республикалык иммунопрофилактика борбору жана Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору тарабынан координацияланат.

"Бардык суроолор боюнча “Эмдөө” ишеним телефонуна кайрылыңыздар: 313297, ошондой эле: Борбордук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун Иммунопрофилактика бөлүмү: 0708 521 710, 54 65 21 жана 54 61 04 номурлары аркылуу кызматта", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий